Чоң Сегизге мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери бүгүн Канадада башталчу эки күндүк саммитте Ирандын өзөктүк программасын талкуулашат. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин АКШ башындагы мүчөлөрү Ирандын уранды байытуусун токтотуу үчүн Тегеранга каршы жаңы санкция киргизүүнү сунуш кылышууда. Бул сунушка Кытай көнбөй жатат. Өткөн аптада Кытайдын өкүлү Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрүн санкция кабыл алгандан мурда маселени кылдат талкуулаганга чакырган.