Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Нарында 7-апрелде митинг уланат


Нарын эли бүгүн премьер-министр Данияр Үсөнов менен жолугушуп, анын жоопторуна канааттанган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарындагы “Электр кубаты жана жылуулуктун баасын төмөндөтүү” боюнча кыймылдын өкүлү Эркин Асаналиев кабарлады. Анын айтымында, жолугушууга 8-9 миңге чукул эл чогулуп, өздөрү койгон талаптарга өкмөт жетекчисинен так жооп ала алышкан эмес. “Д.Үсөнов мурдагы айтып жүргөн жомокторун айтты. Өкмөт тарифтерди түшүрүү боюнча кайра карап чыгат деген гана маалыматын берди. Баа түшөт деген так жооп ала алган жокпуз. Ошондуктан эл дагы деле мурдагы позициясынан кайткан жок. Айрымдары премьер-министрди укпай тарап кетишти”, - деди Э.Асаналиев. Эми нарындыктар мурдагы коюлган талаптары менен 7-апрелде ири митинг уюштурууну пландап жатат.

Буга чейин нарындыктар бир нече жолу митинг өткөрүп, анда бийликке тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү, тоо шартындагы отун-сууга болгон жеңилдиктерди сактоо жөнүндө талаптарды койгон эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG