Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

БЭКтин башчылары Жалал-Абадда


Алай, Ош аймактарынан кайтып келаткан А. Бекназаров, Д. Чотонов жана Б. Мамырова бүгүн Жалал-Абаддагы СДП жана «Ата Мекен» партияларынын мүчөлөрү менен жолугушту. Анда БЭКтин Элдик Курултайынын талаптарынын аткарылышы боюнча иш-чараларды уюштуруу маселеси талкууланды.

Жалалабаддыктар бийлик Элдик Курултайдын талаптарын аткарбаганына нааразы болушту. Республиканын аймактарында 7-апрелде өтөөрү белгиленген митингди колдошоорун айтышты. А. Бекназаров БЭКтин Жалал-Абад, Ош облустарындагы өкүлдөрү электр кубатын арзандатуу талабы менен Нарында бүгүн өткөн нааразылык акциясына тилектеш экендиктерин билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG