Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Эл аралык коомчулук Москва метросундагы жардырууларды айыптады


Россиянын Чукул кырдаалдар кызматынын маалымдашынча, эртең мененки сегиз ченде “Люблянка” жана “Парк Культуры” станцияларында жанкечти аялдар жардырган бомбадан дагы 50дөн ашуун адам жарадар болгон.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников жанкечтилер Түндүк Кавказдан болушу мүмкүн деген божомолду айтты:

- Биздин алдын ала болжолубуз боюнча береги террордук чабуулду Түндүк Кавказга байланышы бар террорчул топтор ишке ашырды. Биз ушул пикирди кармануудабыз.

Президент Дмитрий Медведев коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруду.

Эл аралык коомчулук Москва метросундагы террордук чабуулду айыптады. “Америка эли экстремизмге жана террордук чабуулдарга каршы күрөштө Россия эли менен колмо-кол турат,” деп айтылат АКШ президенти Барак Обаманын бүгүнкү билдирүүсүндө.

НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен альянс эл аралык терроризмге каршы күрөштө Россияны колдоорун билдирип, “карапайым элге каршы чабуулду актап болбойт” деди.

Президент Никола Саркози да террорчулукка каршы согушта Франция Россия менен тилектеш экенин билдирди.

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Раимкул Аттокуров жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG