Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

К.Бакиев: Кыргызстан террорчуларга каршы бардык аракетти колдоого даяр


Президент Курманбек Бакиев көптөгөн адам курмандыктарына алып келген Москва метросунда болгон жарылууларга байланыштуу Орусия президенти Дмитрий Медведевге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда “Бул кайгылуу окуялар, биз, ЖККУ жана ШКУ уюмдарына мүчө мамлекеттердин башчылары, учурдун жаңы коркунучтарына жана чакырыктарына, өзгөчө терроризмдин жана экстремизмдин бардык формаларына биргеликте каршылык көрсөтүүгө күчтөрдү бириктирүү жана аракеттерди жандандыруу тууралуу кабыл алган чечимибиздин маанилүүлүгүн кайрадан тастыктады”, - деп жазылган. Ошондой эле К.Бакиев Кыргызстан террористтерге каршы бардык аракеттерди колдогонго даяр экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG