Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Конституциялык сот Б.Иманкожоеванын арызын кароодо


Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова төрагалык кылган сот отурумунда укук коргоочу Бактыгүл Иманкожоеванын ага карата Жогорку Соттун чечимин жокко чыгаруу арызы каралууда. Аны колдоп Ысык-Көл облусунун Барскоон, Тосор, Кичи-Жаргылчак айылдарынан элүүгө чукул адам Консоттун жанына келишкен. Учурда бул ишти карап жаткан Конституциялык Соттун мүчөлөрү тыныгууга чыгышты. Бул тууралуу сотто жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Өткөн жылы 15-декабрда Жогорку Сот Барскоондогу Диагностика борборунун мурдагы башчысы, укук коргоочу Бактыгүл Иманкожоевага карата райондук соттун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Жети-Өгүз райондук соту Иманкожоеваны кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген негиз менен айыптап, эки жылга шарттуу кескен. Аны Ысык-Көл облустук соту да күчүндө калтырган. (AJ)

XS
SM
MD
LG