Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Кызматык кыянаттык кылуу фактысы катталды


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ички иштер министрлигинин коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан республикалык казначылык жана Биринчи май райондук казначылык бөлүмүнөн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты катталган. Мыйзам бузуу жолу менен мамлекеттик социалдык камсыздоо жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланганынан улам мамлекеттик бюджетке 94,5 млн сомдук зыян келтирилген.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG