Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Эл аралык мунапыс уюму: дүйнөдө өлүм жазасын колдонуу азайууда


Уюмдун билдиришинче, өлүм жазасын колдонуу боюнча Кытай биринчи орунда турат. 2009-жылы катаал жаза Кытайда башка бардык өлкөлөрдөн көп колдонулган. Мунапыс уюму өлүм жазасына тартылгандар боюнча Кытай өкмөтү берген маалыматты толук эмес деп эсептейт. Экинчи орунда турган Иранда 388 киши өлүм жазасына тартылган. 112 өкүм июндагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки эки айда аткарылган. Иракта былтыр катаал жаза 120 адамга колдонулган.

Белорус, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда акыркы он жылда 130дөй адам жогорку жазага тартылган. Европада жалгыз Белоруста өлүм жазасы токтотула элек. Эки апта мурда эле эки айыпкер мерт кылынган. Россия менен Украинада акыркы он жылда катаал жаза колдонулган эмес.

XS
SM
MD
LG