Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

“Жашылдар” сот өтүп жаткан имараттын алдына пикет өткөрүштү


Аталган партиянын төрага орун басары Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” кабарлаган маалыматына караганда, эртең менен партиянын Москва районундагы өкүлдөрү “Э. Бөлөкбаевге боштондук”, “Камактагылар тезинен акталсын!” деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп, сот өтүп жаткан имаратты тегеректеп алышты. Бирок РИИБнүн жетекчиси алардын тынч тарап кетүүсүн эскерткенден кийин гана алар сот залына киришти.

Петровка окуясына байланышкан соттун бүгүнкү отурумунда жалпысынан адвокаттар жыйынтыктоочу сөз сүйлөштү. Райондук соттун чечими ушул жума күнү чыгары күтүлүүдө.

2009- жылдын 26- апрели күнү Петровка айылындагы күрт, орус, кыргыз улутундагылар ортосунда жаңжал чыгып, күрттөрдүн турак жайлары талкаланган. Окуянын негизги себеби төрт жашар кыздын зордукталышы болгон. Аталган окуянын уюштуруучулары катары 11 айдан бери оппозициянын үч өкүлү камакта олтурушат.(JJ)

XS
SM
MD
LG