Европалык окумуштуулар бүгүн кечинде Чоң адрон коллайдеринде протондорду кагылыштыруу операциясын кайра кайталайбыз деген үмүттө. Алардын бүгүнкү алгачкы сыноосу жалчыбаган себептерден улам бүтпөй калды.
Европа ядролук изилдөөлөр уюмунун илимпоздору протондорду жарыктын ылдамдыгына жеткире күүлөп туруп, андан соң сүзүштүрмөкчү. Эксперимент материянын табиятын жана 14 миллион жыл мурда ааламдын жаралышын түшүнүүгө көмөктөшөт дешет илимпоздор. Сынак Франция-Швейцария чек арасындагы 27 чакырымдык туннелде өткөрүлөт.
Бирок илимий сыноонун жыйынтыгын жарыялаганга бир нече жыл кетет.