Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Метродогу бомба чабуулунан улам Кремль коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды


Бүгүн Россияда 29-марттагы Москва метросундагы террордук чабуулда өлгөндөрдү эскерүү күнү. Бийликтердин маалымдашынча, жарадар болгон бир аял 30-мартта көз жумгандан кийин өлгөндөрдүн саны 39га жетти. Бомба чабуулунан 60тан ашуун адам жарадар болгон.

Москвадагы кыргыз элчилиги жабыркагандардын ичинде Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирген.

Федералдык чалгындоо кызматы метродогу жардырууларды уюштурду деп, түндүк кавказдык согушчандарды күнөөлөдү.

Маалымдалганга караганда, метродо бомбаны эки жанкечти аял жардырган.

Президент Медведев сот органдарынын жетекчилери менен болгон кездешүүдө терроризмдин алдын алуу үчүн жаңы мыйзам кабыл алууга чакырды:

-Менин оюмча, биз террорчулуктун алдын алуу жана түрдүү мекемелердин дыкат иштөөсү үчүн тийиштүү мыйзамдарды иштеп чыгууга көңүл бурушубуз зарыл.

Москвадагы калабага байланыштуу Кыргыз парламентинин төрагасы Зайнидин Курманов Россиянын федералдык кеңеши жана Мамдумасынын төрагаларына, премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөт башчы Владимир Путинге көңүл айтып, телеграмма жолдошту.

XS
SM
MD
LG