Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:10

Сербия парламенти Сребреницадагы кыргынды айыптамак болууда


Cербиянын парламенти 1995-жылы Сребреница чөлкөмүндө мусулмандарды кырууну айыптоо жагын талкуулап жатат. Босниялык сербрдердин аскерлери Сребреницада 8 миңдей мусулман эркектерди жана балдарды кыруусун айыптоо региондогу элдешүүгө, ошондой эле Сербиянын болочокто Европа Биримдигине кирүүсүнө өбөлгө болот деп эсептешет серб парламентарийлери.

Серб улутчулдары парламент 1992-95-жылдардагы Балкан согушу учурунда сербдерге каршы жасалган зобун-зордуктарды да айыптаган билдирүү жасашын талап кылышууда.
XS
SM
MD
LG