Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

ЭлТРдин паранжычан редактору кысмакка алынууда


ЭлТР коомдук телекомпаниясынын жооптуу редактору Марсгүл Дооронова “Азаттыкка” кабарлашынча, ишкана жетекчилиги аны имаратта паранжычан жүргөнгө жана эфирге ушул кийимчен чыкканга тыюу салды. Ошентип, жумушунан бошонууга аргасыз кылууда. Муну журналист адам укугун басмырлоо, демократиядан тайыгандык катары сыпаттоодо.

ЭлТР коомдук телекомпаниясынын башкы директорунун орун басары Маматибраим Жаныбеков алардын ишканасы стратегиялык мекеме экендигин белгилеп, анын ичинде паранжычан жүрүүгө мүмкүн эместигин, Марсгүл Дооронова алардын шартын түшүнбөстөн, ар жерге арызданып жүргөндүгүн билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG