Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:13

Ат-Башы: кыштоодо калган үй-бүлөлөргө жардам жеткирилди

Ат-Башыдагы Арпа өрөөнүнүн Көңдөй жана Кара-Көл кыштоолорунда калган беш үй-бүлөгө жардам берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги он адамдан турган бул үй-бүлөлөр кар калың жаагандыктан көп убакыт бою белгисиз болуп каттам толук үзүлүп калганын маалымдады. Аталган министрлик Нарын мамлекеттик администрациясы менен бирге аларга үч айга жетчү азык-түлүк, дары-дармек жеткирип келди. Алдын ала берилген маалыматка караганда, кыштоодо жабыркагандар жок. (EBM)
XS
SM
MD
LG