Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстанда суулар ташкындашы ыктымал


Кечээ өкмөттүн жыйынында жаз-жай айларындагы кооптуу жаратылыш процесстерине даярдык көрүү тууралуу токтом кабыл алынды. Гидрометеорология боюнча агенттиктин маалымдашынча, ушул жылдын февраль айында суу каналдарда нормадан көп суу топтолуп 150-360 пайызды түздү. Күркүрө-Суу, Терек жана Алайдын батыш тарабында суу жайларында суунун көлөмү 410-530 пайызга чейин жетти. Ушундан улам жер-жерлерде сел, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары болуп кетиши ыктымалдыгы күчөдү. Былтыр жаз жаанчыл болгондуктан апрель айында Жалал-Абаттагы Аксы районунун Райкомол айылында жер көчүп он алты адам каза болгон. Дээрлик баардык облустарда сел жүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG