Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Ош: Абактагы кыйноолорду азайтуу боюнча окутуу башталды


Ош шаарында өлкөнүн түштүгүндөгү абактардагы кыйноолорду азайтууда жарандык коомдун мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча семинар өтүп жатат. Эки күндүк иш-чара Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкек борборунун колдоосу менен уюштурулууда. Аталган уюмдан кабарлашкандай, семинарга отузга чукул жергиликтүү укук коргоочу катышууда. Алар абактарда кыйноолордун алдын алуу, адам укугунун абалын жакшыртуу боюнча талкуу куруп, тажрыйба алмашышат. ЕККУнун Бишкек борборунун жетекчисинин орун басары Лилиан Дарий “Азаттыкка” маек куруп, Кыргызстанда кыйноолорду колдонуу тажрыйбасы дагы деле күчүндө экенин билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG