30-мартта Энергетика министри Ильяс Давыдов Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун төрагасынын экология боюнча өкүлү Струан Стивенсон менен жолукту. Жолугушуу учурунда министр ЕККУнун өкүлүнө энергетика тармагынын учурдагы абалы, аталган жаатта жоготууларды жоюу аракеттери тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Струан Стивенсон Кыргызстанга бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын туура пайдалануу маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулоо максатында келген. (AiJu)