Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

БУУнун Баш катчысы 3-апрелде Кыргызстанда болот


Мамлекеттик тышкы иштер министрликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 3-апрелде Кыргызстанда болот. Анын Президент, Премьер-министр, Мамлекеттик тышкы иштер министри менен жолугушуулары белгиленген. Андан сырткары Пан Ги Мун мырзанын Жогорку Кеңеште сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. Пан Ги Мун Кыргызстанга Борбор Азия регионуна сапарынын алкагында келет. Ошондуктан ал Түркмөнстандан Кыргызстанга келип, андан кийин Өзбекстанга сапар алат. Хьюмен райт вотч уюмунун билдирүүсүнө караганда, Пан Ги Мун Борбор Азия регионуна жасаган сапары учурунда адам укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG