Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Сербиянын парламенти Сребреницадагы кыргынды айыптады


Серб парламенти 30-мартта кечинде кабыл алган резолюцияда 1995-жылы Босниянын Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркектин кырылышы айыпталуу менен катар курман болгондордун үй-бүлөлөрүнөн кечирим суралган. Документти бир күнгө созулган талкуудан кийин 250 орундан турган парламент 127 добуш менен кабыл алды. Бирок резолюцияда 1995-жылкы кандуу окуя геноцид катары бааланган жок. Учурда бийликте турган батышчыл коалиция резолюциянын кабыл алынышы араздашкан элдин элдешүүсүнө жана Сербиянын Евробиримдикке мүчө болуу аракетине жардам берет деп эсептейт. Башкаруучу коалицияга кирген Социал-демократтар лигасынын лидери Ненад Чанак буларды айтты:

- Серб парламентинде биз добуш берген декларация башталышы гана. Себеби анда камтылган маселе өткөн тарыхтын биз такай туш келип жаткан айсбергинин үстү гана. Бул аскерий кылмыштын карызын келечек муундарга калтыра албайбыз.

Ал эми улутчул күчтөрдүн серб парламентиндеги өкүлдөрү резолюцияны “маскара кылган” жана “адилетсиз” документ катары четке кагышты.

XS
SM
MD
LG