Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Мельникоффтун китеби боюнча кылмыш иши козголду


Каржы полициясы өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашты. Маалымдалгандай, 2009-жылы 18-августта Туризм агенттиги тарабынан алдын ала тендер жарыяланбастан Сергей Мельникофф башында турган АКШнын “MELNIKOFF Inc” корпорациясы менен келишимге кол коюлган. Ага ылайык Мельникофф “Кыргыздардын жери” аттуу 2000 нускадагы китеп-сүрөт альбом түзмөк. Аталган китептин баасы 102 миң. долларга жакын сумманы түзгөн. Ушул өңдүү башка компания ушундай кызмат үчүн кошумча нарк салыгы жана башка төлөмдөрдү кошкондо “MELNIKOFF Inc” компаниясына караганда 2 млн. 659 миң сом аз каражат алаары аныкталган. Мындан улам, Туризм агенттигинин жогорку кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринен өлкөгө эки миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул иш боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

3-февралда парламент С. Мельникоффтун сүрөт көргөзмөсүн Бишкекте уюштурууга каршы чыгып, депутаттар көргөзмөнү уюштурууга жол берген деп Маданият агенттигинин директорун күнөөлөп, ошол эле күнү кечинде президенттин буйругу менен Султан Раев кызматтан алынган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG