Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Ошто Элдик курултайдын аткаруу комитети ишке киришти


Ош облусундагы жана шаарындагы бир катар коомдук-саясий уюмдардын жергиликтүү лидерлери өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты. Алар туташ кризиске кептелген мамлекетти сактап калуу, ошондой эле жер-жерлерде демократиялуу бийликти орнотуу максатында Элдик курултайдын аймактык аткаруу комитетин түзүштү. Бүгүндөн тарта ишке киришкен комитетти мындан ары жетектөө “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Төлөгөн Келдибаевге жүктөлдү. Анын орун басарлыгына укук коргоочу Абдыкайым Кангелдиев, социал-демократиялык партиянын мүчөсү Алымбай Кадыров шайланышты.

Ош облустук акимчилиги Элдик курултайдын чечимдерин бийликке ультиматум катары баалап, оппозициянын талаптары мыйзамсыз экендигин белгилөөдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG