Өкүм 3-майда чыгарылары күтүлүүдө. Сот Мохаммад Ажмал Касаб ысымдуу пакистандыктын жана ага кол салууларды ишке ашырууга жардам берди деп айыпталган эки индиялыктын үстүнөн жүрдү. Аларга Индиянын Кылмыш кодексинин 12 пункуту боюнча айып коюлган. Эгер күнөлүү деп табылышса, өлүм жазасына кесилиши мүмкүн. Индиянын ишкер борбору катары эсептелген Мумбайда 2008-жылдын ноябрында он чакты куралдуу согушкерлер жасаган кол салуулардан 166 адам, анын ичинде 26 чет элдик каза тапкан. Согушкерлердин көпчүлүгү атышуулар учурунда Индиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынып, бирөөсү колго түшүрүлгөн. Индия тарап терракт үчүн базасы Пакистанда жайгашкан согушкерлерди айыптаган. Окуя Индия – Пакистан мамилесинин курчушуна да алып барган.