Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Нью-Йоркто донорлордун Гаити боюнча конференциясы өтүүдө


Конференцияга катышуу үчүн БУУнун башкеңсесине 100дөн ашуун өлкө менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жыйналды. Конференциянын максаты жер титирөөдөн катуу жапа чеккен Гаитинин жакынкы эки жылдагы муктаждыгы үчүн 3,8 миллиард доллар чогултуу. Гаитини кайра куруп чыгуу үчүн алдыдагы он жылда жалпысынан 11,5 миллиард доллар талап кылынат. Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан бул өлкөдө быйыл 12-январда болгон зилзаладан 220миңден ашуун киши өлүп, 1,3 миллион адам турак-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG