Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

"Алтылык" Иранга каршы санкциялардын үстүнөн чогуу иштейт


Дүйнөнүн алты кубаттуу өлкөсү Иранга каршы санкциялардын жаңы тобун киргизүүнүн үстүнөн биргелешип иштөө тууралуу макулдашышты. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Расмий булактардын ырастоосунда, Кытай санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга көндү. Бээжин атомдук программасын токтотууга макул болбой келаткан Иранга каршы санкцияларды киргизүү сунушун анча колдогон эмес эле. АКШ президенти Барак Обама шейшембиде санкциялар жакынкы жумаларда киргизилет деп ишенерин айткан. Батыш Ирандын атомдук программасы ядролук курал жасоого алып келиши ыктымал деп чочулайт. Тегеран болсо атомдук курал жасоо ниети жоктугун ырастап келатат. Алтылыкка Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү – Британия, Кытай, Россия АКШ жана Франциядан тышкары Германия кирет.

XS
SM
MD
LG