Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Умаров Москвадагы теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды


Айрым кабарларга ылайык, Чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаров Москва метросундагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындай маалымат Исламчыл козголоңчулардын расмий эмес вебсайтында жайгаштырылган. Умаров делинген адам Россиянын федералдык күчтөрү Чеченстанда жүргүзгөн операциясына жооп иретинде 29-марттагы теракттарды ишке ашырууга буйрук бергенин айтат. Бирок видеотасма жасалма эместигин текшерүү мүмкүн эмес. 29-мартта орус баш калаасындагы кош жардыруу 39 кишинин өмүрүн алып кеткен. Умаров өзүн "Кавказ эмиратынын эмири" деп атап жүрөт.

XS
SM
MD
LG