Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Калктын аялуу катмарын коргоо боюнча долбоор ишке кирет


Бүгүн Бишкек пресс-клубунда калктын аялуу катмарын коргоодо бейөкмөт уюмдар менен бийлик өкүлдөрүнүн кызматташуусун бекемдөө боюнча долбоордун бет ачаары болот. Долбоорду Европа Биримдиги каржылап жатат. Анын алкагында германиялык, орусиялык жана кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ жарандык коомдун жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрүшөт. Аталган өлкөлөрдө тажрыйба алмашуу боюнча да атайын программа бар. Бул тууралуу Бишкек пресс-клубдан кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG