Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Манасчыларга сынак жарыяланды


Өлкөдө ”21-кылымдын манасчысы” аттуу эл аралык манасчылар сынагы башталды. Сынакка катышуучулар1-майда Бишкекте тандалат. Ага он алты жаштан өткөн жергиликтүү жана чет элдик манасчылар катыша алат. Андан жеңген 5 манасчы сынактын 1-айлампасына катышууга укук алат. Сынакта чеберлердин “Манас” эпосун толук билүүсү, аткаруу чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүрүү маданияты өңдүү көрсөткүчтөр боюнча мыкты манасчы тандалат. Биринчиликти алган манасчыга 1 млн. сом байге ыйгарылат. Иш-чараны “Манас-Мурас” коомдук бирикмеси жана “Айтыш” коомдук уюму уюштурууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Айтыш” уюмунун жетекчиси Садык Шер-Нияз билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG