Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

«Стан» телекомпаниясынын ишин токтотууга аракет жасалууда


Бишкектеги «Стан» телекомпаниясына бүгүн Каржы полициясынын өкүлү келип, мыйзамсыз иш жүргүзгөнсүңөр деген негизде бир кагаз көргөзүп, компаниянын ишин токтотууга аракет жасоодо. Бирок ал кызматкер ал кагаздын көчүрмөсүн эч кимге бербей жатат. Ушул саатта компаниянын кеңсесинде «Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев жана укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Чолпон Жакупова, Динара Ошурахунова, Дмитрий Кабак кырдаалды түшүнүүгө, себептерин аныктоого аракет жасашууда.

Каржы полициясы менен кабарлашканыбызда, маалымат кызматынын өкүлү бул маселе боюнча эч бир маалыматы жок экенин билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG