Окуя “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин кызматынын билдиргенине караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Одесса облусунда болгон. Облустук прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, Роздильная деген райондун беш полицейи абактагыларды тергөөгө керектүү көрсөтмө алуу үчүн кыйнаган деп шектелүүдө. Кыйноого канча адам алынганы кабарланган жок, бирок прокуратуранын маалыматы боюнча алар тергөө учурунда электр тогун колдонгон. Жабыр тарткандардын бири аны суракка алуу учурунда башына желим мүшөк кийгизишкенин айткан.