Дмитрий Медведев террорчулукка каршы катаал чаралардын зарылдыгы жөнүндө жанкечтилердин жардыруулары 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алгандан кийин, бүгүн күтүүсүздөнДагестанга барган учурунда айтты.
Ал ошондой эле катаал чаралар аймакка инвестиция салуу менен коштолуусу, Орусиянын көпчүлүгү ушул аймактан чыккан олигархтары Түндүк Кавказды кайра куруу ишинде өкмөткө кол –кабыш кылуусу керектигин кошумчалады.
Кизляр шаарындагы кечээги жардыруулар учурунда 12 адамдын өмүрү кыйылды. Андан эки күн мурда Москванын метросунда эки жанкечти жасаган жардыруудан 39 киши өлгөн эле. Президент Медведев коопсуздукту тейлеген мекемелердин жана Түндүк Кавказ республикаларынын жетекчилери менен бүгүн Махачкалада өткөргөн чукул жыйында ФСБнын башчысы Александр Бортников эки жардыруу боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу буларга токтолду:
-Бел терракттар Түндүк Кавказдан чыккан конкреттүү бандиттик структуралар тарабынан жасалганы тууралуу негизги жоромол ырасталууда. Биз бул кол салууларды ким уюштурганын жана ким аткарганын билебиз.
Москвадагы жардыруулар үчүн чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаров жоопкерчилик алды жана кол салуулар уланарын эскертти. Президент Медведев менен премьер- министр Путиндин сөздөрүнө караганда, Москва менен Дагестандагы жардырууларды жалгыз топ пландаган болушу мүмкүн.