Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Саудияда ливандык көзү ачыктын башы алынуусу мүмкүн


Бул тууралуу учурда Саудиянын абагында отурган Али Сабаттын адвокаты Мей ал-Ханса билдирди. Адвокаттын айтымында, ал сот системасындагы булактардан кардарынын башы жума күнү алынганы жаткандыгы жөнүндө кабар алган. Бул маалымат расмий тараптан ырасталбаганын кошумчалаган адвокат Ливандын жана Саудиянын лидерлерин кардарынын өмүрүн сактап калуу үчүн жардам көргөзүүгө чакырды. Али Сабат 2008 –жылы Мединада ажылык зыяратта жүргөн жеринен диний полиция тарабынан камакка алынган эле. Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына караганда, көзү ачыктык менен алектенип, адамдарга Ливан телесиндеги программа аркылуу келечегин айтып, кеңеш берип жүргөнү үчүн 2009 –жылы өлүм жазасына кесилген.

XS
SM
MD
LG