Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Вашингтон Карзайдын айыптоосун четке какты


Кошмо Штаттары Ооган президенти Хамид Карзайдын былтыркы шайлоодогу бурмалоолорго чет өлкөлүк өкүлдөр аралашкан деген айыптоолорун четке какты. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Филип Кроули Обама администрациясы Карзайдын пикирин бөлүшпөйт деп билдирди. 1-апрелде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда Ооган лидери президенттик шайлоо маалындагы мыйзам бузууларга оогандыктардын тиешеси жок деп, Улуттар уюмунун Ооганстандагы өкүлүнүн мурдагы орун басары Питер Гэлбрэйтти жана Еврошаркет миссиясынын жетекчиси Филип Морийонду шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишкендиги үчүн айыптаган. Гэлбрейт анын мындай ырастоолорун “күлкү келтирээрлик” жана “акылга сыйбас” деп атады. Улуттар уюмунун шайлоого көзөмөл салуу комиссиясы Карзайдын пайдасына бурмаланган добуштарды санаттырбай койгон.

XS
SM
MD
LG