Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Оппозиция “кеңешме демократияны” талкуулайт


Жыйын бүгүн Бишкекте өтөт. Ага көз оппозициялык партиялардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышат. 23-мартта Ынтымак курултайында президент Курманбек Бакиев шайлоолорго жана адам укуктарына негизделген демократиянын үлгүлөрү бардык эл-жерге жагары азыр арсар болуп калды, деп билдирген эле. “Кеңешме демократия” үлгүсү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга ар кайсы коомдук топтордун катышуусуна басым жасаларын белгилеген. Оппозиция бул сунушту кескин айыптап “кеңешме демократия” бир канча кадам артка кетүү дегенди түшүндүрөрүн, Кыргызстанда шайлоолордун баркын азыркы бийлик кетиргенин айтып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG