Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Меркел жана Браун Ирана каршы жаңы санкцияларды колдошту


Германия жана Британия лидерлери Иранга каршы катаал санкцияларды киргизүү планын колдошту. Британ өкмөт башчысы Гордон Браун жана немис канцлери Ангела Меркел 1-апрелде Лондондун жака белинде жолугушту. Гордондун кеңсеси сүйлөшүүлөрдөн кийин кабарлаганына караганда, эки жетекчи тең санкцияларга колдоосун билдиришти жана бул маселеде башка шериктер менен биргелешип иштешүү керектигин баса белгилешти. Апта башында АКШ жана Франция президенттери да Тегеранга каршы чараларды күчөтүүгө убада кылышкан. Батыш Ирандын атомдук программасы курал жасоого алып келиши ыктымал деп, уран байытуу иштерин токтотууну талап кылып келатат. Ал эми Тегеран ядролук изилдөөлөрү тынчтык максаттарды гана көздөөрүн ырастоодо.

XS
SM
MD
LG