Белгилүү мусулман динаятчылары Москва жана Дагестандагы жардырууларды Исламдын принциптерине каршы келген “кылмыштуу теракттар” деп айыпташты. Дубаидеги изилдөө жана медиа борбору жарыялаган билдирүүгө 24 динаятчы, алардын катарында Орусиядагы белгилүү 5 муфтий кол коюшкан. "Ислам адам өмүрүнүн ыйыктыгын пир тутат, мындай карасанатай кылмышты эч нерсе актабайт", - деп айтылат билдирүүдө. Кол койгондордун арасында Египет, Сирия, Ливан жана Босниянын муфтийлери, Индия, Жакынкы Чыгыш, Европа жана АКШнын диний ишмерлери бар.