Бейшемби күнү Кабулда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугуп, Хамид Карзай былтыр августта добуштардын эсеби одоно бурмалангандыгын айтып, муну оогандыктар эмес, чет элдиктер жасады деп ырастаган эле. Алардын ичинде Улуттар Уюмунун, Евросоюздун жогорку даражалуу өкүлдөрүн шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишти деп айтыптаган. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Филип Кроули Карзайдын мындай пикирине Вашингтон кошулбайт жана колдобойт деп билдирди.