Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Нарында борбордук аянтта митинг өткөрүүгө мэрия каршы болууда


Нарын шаарынын мэриясы 7-апрелге белгиленген митингди борбордук аянтта өткөрүү мүмкүн эместигин билдирди. Шаардын мэри Алмаз Кулматовдун «Электр кубатын арзандатуу кыймылына» берген жооп катында февраль, март айларында өткөрүлгөн митинг акциялары шаар тургундарынын жашоосуна, мекеме-ишканалардын үзгүлтүксүз иштөөсүнө, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратып жаткандыгын, ушундан улам митингдерди токтотууну талап кылган элдин кайрылуулары мэрияга түшүп жаткандыгы белгиленген. Мэрия 2010-жылдын 7-апрелине белгиленген митингди шаардын чыгыш ыптасындагы Бакыт Жапаралиев атындагы гүлбакта же облустук театрда өткөрүүнү сунуш кылган. Нарын шаарында уюшулган «Электр кубатын арзандатуу кыймылы” 7-апрелде кайрадан митинг өткөрөрү жөнүндө шаардык мэрияга билдирүү билдирүү жолдогон болчу. (KUs)

XS
SM
MD
LG