Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

“Стан-Медиа” ишин токтотпойт


Бул тууралуу кечээ күнү жабдуулары мөөр басылып камакка алынган “Стан-Медианын” жетекчилери Кирилл Степанюк жана Игорь Сивохин бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Алардын айтымында, “Стан-Медианын” ишин үзгүлтүккө учуратуу аракети анын Кыргызстан жөнүндө обьективдү маалымататтарды таркатуу менен эл ичинде таанылууга жетишүүсү жана чет өлкөлүк абройлуу телекомпаниялар менен кызматташуусуна байланыштуу болду. “Стан ТВнын” жамааты эл аралык коомчулукка кайрылып, эркин маалымат каражаттары Кыргызстанда кандай басым астында туруусуна көңүл бурууга чакырган. Мындай кысымдарга карабай “Стан-Медиа” ишин уланта берери маалымат жыйынында белгиленди.
“Стан-Медианын” жабдуулары мыйзамсыз алынган жана салык жашыруу фактысы бар деген Финансы полициясы маалымат каражатынын компьютер жана башка жабдуулары жайгашкан бөлмөлөрдү 1-апрелде жаап, мөөр басып салышкан.(AiT)






XS
SM
MD
LG