Аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Азаттыкты” обого чыгаруу талабы менен боло турган иш-чара 5-апрелде Акыйкатчы институтунун алдында өтөт. “Азаттык” үналгысынын радиоуктурууларын жана телеберүүлөрүн жалпы Кыргызстанга УТРК аркылуу уктуруу талабы менен буга чейин да бир нече жолу нааразылык чаралары уюштурулган. Ө. Токтоназаровдун айтуусунда Акыйкатчы пикетке чыккандар менен жолугушууга чыга элек: “Ар бир жолу чыкканыбызда Турсунбек Акун ар кандай себептер менен ордунда жок болуп калат, бул жолу бизге чыгып жолугуп, үнүбүздү угат деп ишенем,” дейт Ө. Токтоназаров.
Улуттук телерадиокорпорация “Азаттык” үналгысын уктурууну 2008-жылы токтоткон. УТРК жетекчилиги мунун себебин “Азаттык” эки тараптуу келишимди аткарбады жана бийликти бир беткей айыптаган берүүлөрдү обого чыгарганы үчүн деп түшүндүргөн. “Азаттык” үналгысы радиоматериалдарды жана телекөрсөтүүлөрдү даярдоодо такталган маалыматтарды гана, бардык жактардын пикирлерин камтуу менен иш алып барат.(ZKo)