Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

Медиа өкүлчүлүк: Каржы полициясы кызматынан ашыра пайдаланды


Бул тууралуу Кыргызстандагы медиа өкүл Акмат Алагушев бүгүн тараткан билдирүүсүндө белгилеген. Ал каржы полицясы “СтанТВ” телекомпаниясынын иш жабдыктарын камакка алуусуна негиз жок деп эсептейт. Медиа өкүлдүн белгилөөсү боюнча КР мыйзамдарына ылайык кайсы бир ишкана салык жашырса, салык кызматы тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, акт салык төлөөчүгө толук тааныштырылууга жана акттын бир нускасы салык төлөөчүгө берилүүгө тийиш. Ал эми лицензияланбаган программаларды иштеткен деп айып тагуудан мурун бул программалардын ээлери автордук укугун коргоо үчүн өз дооматын сотко жолдоосу керек. Колдонулуп жаткан программалардын мыйзамдуулугун текшерүү, ар кандай экспертиза жүргүзүү жана башка аракеттерди жасоо соттун чечими менен гана ишке ашырылышы мыйзамда көрсөтүлгөн. Каржы полициясы “СтанТВ” телекомпаниясына “салыкты жашырган”, “лицензияланбаган программаларды колдонгон” деген айып тагуудан мурун мына ушул документтерди көрсөтүүгө тийиш болчу, бирок мунун бири да аткарылган жок деп билдирет Медиа өкүл. Билдирүүдө бекемделгендей каржы полициясынын “СтанТВ” телекомпаниясынын ишин токтотууга алып келген аракеттери кызмат абалынан ашыра пайдаланууга жатат.
1-апрелде каржы полициясы “СтанТВ” телекомпаниясын “салыкты жашырган” жана “уруксат берилбеген жабдыктарды колдонгон” деген айып менен компьютерлерин камакка алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG