Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

БУУнун делегациясы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукту


Бүгүн СДПнын фракция жетекчиси Роза Отунбаева, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдырасулова, Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиева, “Алиби” гезитинин баш редактору, иши токтоп калган “Назар” жана “Ачык саясат” гезиттеринин ээси Бабырбек Жээнбеков, "Stan Media" телекомпаниясынын директору Кирилл Степанюк жана “Азаттык” радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Кубат Оторбаев БУУнун делегациясы менен жолугушту. БУУ тарабынан жолугушууга Баш катчынын орун басары Лин Пэскоу, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Ян Кубиш, БУУнун саясий маселелер боюнча департаментинин директору Лиза Буттунгейм жана БУУнун Ббаш катчысынын басма-сөз катчысы Мартин Несирки катышты. Жолугушууда Кыргызстанда адам укугу тебеленип, сөз эркиндиги кысым, басымга кабылып жатканы, Конституциянын сакталбай жатышы, журналисттерге болгон куугунтук, өлтүрүүлөр көбөйгөнү тууралуу сөз болду. Өз кезегинде Лин Пэскоу сүйлөшүлгөн маселелер боюнча колдон келген аракеттер көрүлөөрүн билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG