Пакистандын түндүк батышында талип согушчандары менен болгон айкашта өкмөттүк алты аскер окко учту. Талиптер 30дай жоокеринен ажырады. Пакистан армиясынын маалымдашынча, салгылаш Ооганстанга чектеш Оракзай аймагында болду. Бул аймакта быйыл марттан тарты жергиликтүү экстремисттерге каршы операция жүрүүдө.