Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Ошто сабалган оппозиция өкүлүнүн абалы оор


Кечээ кечинде өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган укук коргоочу, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Абдыкайым Кангелдиевдин абалы оор бойдон. Ал учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланууда. “Ата Мекен” партиясынын Оштогу өкүлчүлүгү, партия мүчөсүнүн сабалышы кокустук эместигин, анын түздөн-түз саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу экендигин айтышууда. Партиянын Оштогу төрагасы Бактыбек Калмаматовдун айтымында, Абдыкайым Кангелдиев 7-апрелде Ошто өткөрүлө турган курултайды уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал буга чейин Алайда өткөн нааразылык иш-чараларына катышып, азыркы бийликти кескин сынга алган болчу.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков оппозициячыл саясатчынын сабалышы тууралуу арыз түшө электигин айтты. (JAk)

XS
SM
MD
LG