Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Кыргызстандык боксчулар эл аралык турнирге барышат


Бокс боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун "Азаттыкка" кабарлашынча, 18-апрелде Казакстандын Түркистан шаарында башталчу турнирге Кыргызстандан 11 мушкер катышат. Мелдеш маркум боксчу, Казакстанга эмгек сиңирген спорт чебери Абдусалан Нурмахановдун элесине арналып уюштуруулуда. Башкы машыктыруучунун айтымында, казак өкмөтү маркум спортчунун элесине арналган таймашты соңку он жылдан бери өткөрүп келет. Мелдеште КМШ өлкөлөрүнүн мушкерлери күч сынашат. (JAк)

XS
SM
MD
LG