Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Караколдо оппозиция жолугушуусуна тоскоолдук болду


Бул тууралуу Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү, "Улуу Биримдик" партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаев окуя болгон жерден "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүн Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун борбору - Каракол шаарында эл менен жолугушуу учурунда атайын даярдалган жергиликтүү аялдар тобу чыр чыгарууга аракет кылышкан. Ошондой эле аларды милиция кызматкерлери негизсиз шаардык ички иштер бөлүмүнө алып барышып, бир топ убакыт кармап отурушкан.

Бүгүн Элдик курултайдын аткаруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева, ЖК депутаты Мирбек Асанакунов жана БЭК мүчөсү Эмилбек Каптагаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына барып, 7-апрелде өтчү курултай боюнча эл менен жолугушуу өткөрүшкөн эле. (JAк)

XS
SM
MD
LG