Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Жогорку Кеңеш “Мунапыс тууралуу” мыйзамды ушул айда карайт


Парламенттин координациялык кеңеши бүгүн жыйынга чогулуп, апрель айында жетимиштен ашуун мыйзам долбоорду кароону чечти. Анын арасында март ыңкылабынан беш жылдыгына карата “Мунапыс тууралуу” мыйзам долбоор бар. Парламенттеги Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев “Азаттыкка” бул мыйзам долбоор талкууга коюлганда мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковго мунапыс берүү сунушталарын айтты. Президент Курманбек Бакиев 24-мартта Ынтымак курултайында И. Исаковду абактан чыгаруу маселеси мыйзам чегинде караларын билдирген. “Мунапыс тууралуу” мыйзамга ылайык, алты жарым миңдей адам абактан бошотулат. Төрт миңдей адамдын жаза мөөнөтү кыскармакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG