Ташкендеги университетте сүйлөгөн Пан Ги Мун Өзбекстан жарандык жана саясий укуктар, ошондой эле кыйноолор тууралуу эл аралык келишимдерге кол койгонун эске салды. “Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу мезгили келди”, - деген Улуттар уюмунун башкатчысы кайсы бир фактылар, же конкреттүү окуяларга кайрылган жок. Борбор Азиядагы беш өлкөнү кыдырып жүргөн Пан Ги Мун кечирээк өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугат.