Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Бүгүн сөз эркиндигин коргоо боюнча нааразылык акциясы башталат


Бишкекте “Стан тв” медиа компаниясынын, “Назар”, “Ачык саясат” басылмаларынын, “Азаттык” үн алгысынын күйөрмандары “Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта” деген нааразылык акциясын уюштурууну болжошууда. Ишемби күнү БУУнун Бишкектеги үйү алдында журналисттер менен укук коргоочулар тобу өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылганын айтып пикетке чыгышкан болчу. Ушул айдын башталышында Биринчи май райондук соту “Форум”, "Назар", Ачык саясат" гезиттерин чыгарууга тыйуу салган.
1-апрелде “Стан-ТВ” медиа компаниясынын Бишкектеги кеңсесиндеги компьютерлерди Кыргызстандын каржы полициясы камакка алган.
10-марттан баштап “Азаттыктын” сыналгы программаларын көрсөтүүдөн “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы бир жактуу баш тарткан.
11-мартта Бишкекте ОК радиосу шаардыктарга “Азаттыкты” уктурууну токтоткон. 12-мартта мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан кысым болуп жатканын белгилеген “Алмаз-Нарын” үналгысы дагы “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотууга аргасыз болгон. Ушундай эле себептер менен Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору “Азаттыкты” уктуруу боюнча түзгөн келишимдерин бир жактуу бузууга аргасыз болушкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG