Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Оштук дарыгерлер жетекчисине каршы


Учурда Ош шаардык аймактык ооруканасынын дарыгерлери жана мээрбан эжелери мекеменин жаңы жетекчисинин реформасына каршылык билдирип, анын токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Оорукананын директорунун орун басары Абдыжажил Муратовдун айтымында, эмгек жамаатынын Өкмөткө, саламаттыкты сактоо министрине жана тармактык профсоюз уюмуна кайрылуусунан майнап чыкпагандыктан, кесиптештери ачыкка чыгып, ушундай кадамга барууга аргасыз болушууда.

Директордун милдетин аткаруучу Айнура Абдуллаева кесиптештери менен жолугушуудан баш тартып, ошондой эле алардын бир дагы суроосуна жооп кайтарбастан кеңсесин таштап кетип калды.

Антсе да түштүк борборунун мэринин орун басары Гүлмира Эркулова бул маселени саясатташтыруунун кажети жок деп эсептейт. Бирок ак халатчандар алардын талабы аткарылбаса мындан ары борбордук аянтта нааразычылык акциясын улантышаарын айтышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG