Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Прокурор А.Казиев: Б.Шерниязовго эскертүү берүү үчүн кармалды


Талас прокурору Астапа Казиевдин билдирүүсүнө караганда, Болот Шерниязов 6-апрелде Өтмөк ашуусу аркылуу кирип келатып, биринчи айыл Талды-Булакта элди 7-апрелде боло турган курултайга элди үндөй баштаган. Ал эми Конституциянын талаптары боюнча курултай, митинг өткөрүүчүлөр алдын-ала бийликке маалымдама берүүгө тийиш. Мына ошону эскертүү үчүн Б.Шерниязов кармалды, деп белгилеген Казиев. Облустук милициянын алдында миңдин тегерегинде эл турат. Алар Б. Шерниязовду бошотуу талабын коюушуп, эгерде бошотулбаса, өздөрү кирип бошотушарын эскертүүдө.
Оппозиция өкүлдөрү курултай өткөрүү үчүн бийликке маалымдама берүүнүн, уруксат суроонун кажети жок экенин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG